Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 29.07.2019 15:14 На русском

Айыл турмушу: Э.Казиев бир нече жылдан бери аары багып, бал алып келет (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылынын 46 жаштагы тургуну Эсенбек Казиев бир нече жылдан бери аары багып, бал алып келет. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, алдыда аарылардын жаңы породаларын алып келип багууну пландаштырып жатат.

«Кичине кезимде айылыбыздагы аары кармап көбөйткөн кишилерди көрүп таң калчумун. Ошондон улам кызыгуу жаралган. Эң биринчи аарыларды коңшу айылдагы аары баккандардан 1995-жылдары алып келип бакканбыз. Аарыларыбыз кышында 2 жыл катарынан суукта ооруп, баары кырылып калышты. Ортодон бир нече жыл токтотуп, кайра бул ишти улантып келе жатабыз. Учурда аарыларды атам, балам, мен болуп алмак-салмак карайбыз. Үй-бүлөлүк кичинекей киреше тапчу жумушубуз. Учурда 10 чакты бал челек бар. Ичинде 4-5 чакан үй-бүлө жашайт. Кээ биринде 2 үй-бүлө бар. Ар бир үй-бүлөнүн өзүнчө мүнөздөрү болот (күлүп). Кээ бирлери жоош болгондуктан кийими жок деле карай бергенден коркпойсуң.

Буларды күнүгө 1 жолу текшерип турбаса болбойт. Быйыл аба ырайы жамгырлуу болуп, 70 литрдей бал алдык. Бул аарылар эски урук. Союздун убагынан бери уланып келе жаткан аарылар. Буйруса жаңыртып, жаңы челектерди көчүрсөкбү деп жатабыз. Аарыларды деле мал карагансып күндө карап, витамин берип туруу керек. Канчалык жакшы карасаң, ошончолук жакшы бал берет. Мисалы, кумшекерди сууга аралаштырып, сироп кылып берип туруш керек. Аарыдан түшкөн балды тууган-туушкандарга, өзүбүзгө керектейбиз. Эгер артса майда-чүйдө керектүү нерселерге жумшап сатабыз. 1 литри 300 сомдон сатылат», - деди ал.

Эсенбек Казиев 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×