Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 30.07.2019 18:30

Кара-Буурада милиционерлер лагерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Turmush -  Бүгүн, 30-июлда Кара-Буура районундагы жайкы эс алуу борборлорунда, лагерлерде балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Талас ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, милиционерлер коопсуздукту сактоо жана сууда сүзүүнүн эрежелери боюнча айтып беришип, бул багытта видеороликтерди көрсөтүштү.

Ошондой эле милиция кызматкерлери балдарды ар кандай кылмыштардан оолак болууга үндөп, алардын кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×