Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 01.08.2019 14:18 На русском

Таластагы Киров суу сактагычына 23 жаштагы жигит чөгүп каза болду

Turmush -  28-июль күнү Кара-Буура районунун Киров суу сактагычына чөгүп кеткен 23 жаштагы жигиттин денеси табылды. Бул тууралуу Талас облусунун «Манас 1000» сууда сүзүүчүлөр жана жөө күлүктөр клубунун жетекчиси Серен Шейшенов билдирди.

Анын айтымында, сууга чөккөн баланын денеси жээктен 40-50 метр алыста, тереңдиги 5 метр болгон жерден табылган. Аны сууга сүзүү боюнча марафонго даярдык көрүп жаткан спортчулар алып чыгышкан.

«Биз Таласта өтө турган Улуттук көчмөндөр оюндарына карата сууда сүзүү боюнча марафон уюштурууну демилгелегенбиз. Ага 4 адам тандалып, 2 айдан бери такай машыгуудабыз. Нылдынын суусунда машыгып, акыркы учурда Киров суу сактагычына барып жатканбыз. Өткөн жекшемби күнү кырсыктуу окуяга күбө болдук. Биз машыгып сүзгөн жерде Ак-Жар айылынын 23 жаштагы тургуну сууга чөгүп кетти. Денеси жээктен 40-50 метр ары жерде экен. Биздин 2 жигит эл топурап жатканын көрүп, чуркап барыптыр. Бирок алар барганда чөккөнүнө 20 мүнөт болуп калган экен. Экөө издеп, жарым саат аралыгында 5 метр тереңдиктен сөөгүн алып чыгышты. Бул туздуу эмес суу болгондуктан тереңине көптөр кире алышпайт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×