Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 02.08.2019 15:52 Жаңыланды: 02.08.2019 21:52 На русском

Айыл турмушу: Кара-бууралык жалгыз бой эне А.Жумашова 7 гектар жерде алма өстүрүп жатат (сүрөт)

Айнагул Жумашова
Айнагул Жумашова

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылынын 40 жаштагы тургуну Айнагүл Жумашова 7 гектарга алма бак, 1 гектарга өрүк бак өстүрүп жатат. Аймактык кабарчы багбан айымдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылында төрөлгөн.

«Учурда үй-бүлөбүз менен чакан бизнес кылабыз. Ыраматылык жолдошум экөөбүз 2001-жылы Шекер токой чарбасынан ижарага 8 гектар жер алганбыз. Аны тазалап, 2004-жылы 7 гектарына алма көчөт отургузуп, 1 гектарына өрүк отургуздук. Учурда 500-600 түп алма бар. Сорттору ар кандай. 1 гектар аянттан быйыл 1, 5 тонна өрүк алдык. Бир жылы жакшы түшүм берип, 2 тоннадай болгон. Караганыңа жараша түшүм берет. Бул жерге бала-чакам менен келип, ичин тазалап, дары чачып турабыз.

Өрүктөрдү Казакстандын Жамбыл шаарына барып, 130 тенгеден өткөрөбүз. Быйыл Жамбылга кечирээк барып калгандыктан киреше 20 миң сомдой эле болду. Бирок жакшы болсо 100 миң сомго жакын киреше болот. Буларды тиккенден баштап арыгын тазалап, дары берип, сугарып турбаса курт түшсө куурап калат. Буларды дагы кылдаттык менен караш керек. 1-2 жылдан кийин алма түшүм берип калат деп турабыз.

Жолдошум 2-3 жыл мурун каза болду. Азыр бала-чакам жаш болгондуктан баары менин мойнумда. Балдарымды окутуп, элден кем кылбай чоңойтсом деген ой менен жашап келем», - деди ал.

Багбан айым 5 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×