Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 20.08.2019 12:08

Талас облусундагы 2 калктуу конуш айыл болду

Turmush -  Кыргызстандагы 31 калктуу конуш айыл категориясына кирди. Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга 19-августта кол койду.

Маалым болгондой, Талас облусундагы 2 калктуу конуш дагы айыл макамын алды. Калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү менен алардын макамы көтөрүлүп, өзүнчө администрациялык-аймактык бирдик катары жергиликтүү жамааттарга жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү укугу берилет.

Кол коюлган мыйзамда:

— Талас облусундагы Кара-Буура районунун Бакыян айыл аймагынын Камаш калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Кара-Буура районунун Бакыян айыл аймагынын Камаш айылы деп аталсын;

— Талас районунун Калба айыл аймагынын Беш-Таш калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана Беш-Таш айылы деп аталсын деп айтылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×