Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 14.09.2019 20:06 На русском

Жубайлар: Жанадил ата менен Уулбүбү апа бактылуу жашоонун сырын айтып беришти (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакайыр айылындагы 72 жаштагы Осмонов Жанадил ата менен 69 жаштагы Байтикова Уулбүбү апа 51 жылдан бери бирге түтүн булатып келе жатышат. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Уулбүбү апа: Өзүм Манас районунун Манас айылында чоңойдум. 5 бир туугандын улуусумун. Чоң энемдин акыл-насаатын угуп бой жеттим. Мектепти бүтүп, 18 жашымда турмушка чыктым. Жолдошум экөөбүздү аталарыбыз тааныштырып үйлөндүргөн. Эң кызыгы мен жолдошумду бизге тууган экен деп, үйгө келген сайын туугандарыбыз келди деп жүргөм. Көрсө мага куда түшүп келишчү экен (күлүп). Кайын атам менен атам ынак достордон болуптур. «Достугубуз 1000 жылдык болсун. Сенде кыз, менде уул бар. Экөө тең бой тартып калды. Баштарын бириктирип, бир үй-бүлө кылалы» деп кол алышып, бизди үйлөндүрүп коюшкан. Ошентип 1968-жылы Кара-Буура районунун Бакайыр айылына келин болуп келдим.

Атайын бир кесиптин ээси болуу үчүн мугалимдик кесипти окугам. Бирок шартка байланыштуу окуумдун аягына чыга алган жокмун. Китептен багымды ачпаса дагы жаратканым турмуштан багымды ачкан экен. Жолдошум өзү 10 бир туугандын улуусу. Мен үйдүн улуу келини болуп кирдим. Бир эмес 2 кайын эне менен жашадым. Өзүмдүн жаш кайын ата, кайын энемдер өмүр бою тоодо мал менен жашашты. Мен көбүнчө кемпирдин колунда калдым. Бизден кийинки бир туугандары кичинекейлер эле. Аларды кемпир энем экөөбүз карайбыз. Аларга тамак жасап, кирлерин жууп берем. Айтор, келиндик доорум оор күндөр менен өтүп жатты. Кемпир энем газдын чайын ичпей, «мага отко кайнатып бер» дечү. Мен ичимден «Айырмасы кайсы? Эки чай деле бирдей да, унчукпай иче бербейби?» деп сүйлөнүп алчумун. Мен аны кийин өзүм чоң эне болгондо гана түшүнүп отурбаймынбы. Көрсө картайып калган кезде оттун чайын ичкиң келип калат экен.

Ошентип бактылуу өмүр сүрүү үчүн кыйынчылыктарды жеңип жашоого аракет кылдым. Албетте мени жолдошум колдоп турду. Ал өзү колхоздо айдоочу болуп иштечү. Кийин союз тараган маалдан бери мал менен, кирип-чыгып дыйканчылык менен алек болуп жүрдү. Мен болсо мектепте китепканачы болуп иштедим. Ким декреттик өргүүгө кетсе ошолордун ордуна сабак берип иштеп да жүрдүм . Кыздарыбыз удаасынан төрөлгөндүктөн баш-отум менен деле иштеген жокмун.

Жолдошум экөөбүз 6 кыз, 1 уулдуу болдук. Улуусу 1972-жылы төрөлсө, кенжетайыбыз 1988-жылы туулган. Аларды канча деген мээнет менен чоңойттук. Элден кем кылбайлы деп бар-жогубузга карабай окуттук. Кыздарым удаа болгондуктан биринин кийимдерин бири кийип чоңоюшту. Азыр 7 балабыз тең билимдүү. Өз турмуштарын таап, туш тарапка тарашкан. 2 кызыбыз өзүбүздүн айылыбызга келин болду. Келинди дагы өзүбүздүн айылыбыздан алдык. Калган кыздарым Жалал-Абад, Чүй , Токмок, Ысык-Көл жана Бишкек шаарына келин болуп кетишти. «Баатыр эне» наамын Роза Отунбаеванын колунан алгам.

Өзүм 3 жылдан бери айылдагы «Шайыр апалар» тобунун мүчөсүмүн. Ал топко баламдын жана чалымдын сунушу менен кошулгам. Башында «картайганда үйдө эле отурганым жакшы» деп көнбөй жүрдүм. Кийин акырындык менен эл алдына чыгып ырдап жүрүп көнүп кеттим. Карыган кезде кагаз кармап ыр жаттаган учурлар болот экен. Же жаттаган ырым мээме кирбей, бат эле унутуп коём (күлүп). Айла жок топко кошулгандан кийин шартты бузбашың керек.

Мен бактылуу байбичемин деп айта алам. Кыздар-балдарымдын сыйын көрүп, төрдө ысык чайларын ичип отурган кезибиз. Убагында кыйынчылык күндөрдү өткөрдүк, идиш-аяк кагышты. Бирок өзүбүз эч качан кагышкан жокпуз. Таарынышып кеткен учурларда кайра бат эле таарынычты жаза калчубуз. Турмушта бири-бириңе жөлөк болуп, кеңешип иш кылып, туура жол көрсөтүп турсаң гана баары жайында болот деп ойлойм. Баягы мен жаңы келин болуп келгенде кичинекей чүрпөлөр азыр балпайган чоң ата, чоң эне болушту. Кайын сиңди, кайын инилеримди өз бир тууганымдай көрөм. Алар менен чогуу ойноп жүрүп эле чоңойдум. Ал кезде мен деле бала болуп, оюнга жакын болсом керек.

Жанадил ата: Бир келген турмушта мага жакшы жар жолукту. Миң мертебе шүгүр, ыраазымын. Ушул убакка чейин сен, мен дешпей жашадык. Кемпирим жакшы чыкканы үчүн ушунча жашты жашап жатам (күлүп).

Азыркы жаштарга ата катары насаатымды айта кетейин. Айланайындарым, турмуш жолуна аттангандан кийин жоопкерчилик көп болот. Ал нерседен эч качан качпагыла. Эң башкысы ыйык никени сактагыла. Байлык, бийликке кол сунбагыла. Ошондой эле ал нерсеге үй-бүлөңөрдү алмаштырбагыла. Сабырдуу жана күчтүү болсоңор бул турмуштун жакшылыгын көп көрөсүңөр. Убагында мен да кыйналгам, бирок жубайым экөөбүз бири-бирибизди колдоп, аркадан таяныч болуп жүрүп бактылуу карылыкка жеттик.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×