Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 21.08.2019 09:19

Айыл турмушу: 6 баланын апасы Г.Жунушалиева ичиндеги арманын гүлдөрү менен бөлүшөт (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 46 жаштагы тургуну Гүлүмкан Жунушалиева 20 жылдан бери көп жылдык гүлдөрдү өстүрүп келет.

Анын айтымында, Талас районунун Арал айылынын кызы. Шекерге 1990-жылы келин болуп келген.

«Келин болуп келгениме 29 жылдын жүзү болду. Анын 20 жылы гүл өстүрүү менен өттү десем болот. Базарлардан жыл сайын сатып келип өстүрчү гүлдөрдү эмес, көп жылдык гүлдөрдү өстүрөм. Убагында бөлмө гүлдөрүн өстүрүүнү жактырчумун. Бирок үйдүн ичинде жылуулук боюнча шарт болбогондуктан гүлдөрүмдү үшүк алып кетчү. Кийин бөлмө гүлдөрүн азайтып, көп жылдык гүлдүн уругун сатып келип, үйүмдүн сыртына септим. Жаз алды менен гүлүн ачты. Үйдүн сыртын мээнетим менен гүл бакчага айландырдым. Келген коноктор гүлдү аралап, сүрөткө түшкөндөр да болот. Роза гүлдүн түрлөрүн өстүрөм. Аларды базардан ар бир көчөтүн 100 сомдон 150 сомго чейин сатып келип отургузам. Көбүнчө Казакстандын Жамбыл шаарынан алып келем. Анткени ал жакта гүлдүн түрлөрү сатылат.

Жолдошум экөөбүз 4 кыз, 2 уулдуу болдук. Өмүрлүк жарымдан айрылганыма 1 жылдын жүзү болду. Мен үчүн көтөрө алгыс сокку болсо дагы балдарым үчүн жашайын деп өзүмдү кармап келем. 6 балалуу болуп, алардын жакшылыгын көрбөй кетти. Ичимде арманым көп, же балдарыма айта албайм. Жалгыз сырдашым гүлдөрүм. Алар менен кадимкидей сүйлөшөм. Аларга капачылыгымды, ичимдеги көксөмдү айтып турам. Эртең менен ойгонор замат гүлдөргө чуркайм. Чай ичкенче гүлдөргө барып саламдашып келем. Ар бир гүлүм гүл ачкан сайын кубаныч тартуулайт. Кээде туруп бажырайып ачылган гүлдү карап, жолдошум экөөбүздү элестетип кетем. Бир убакта биз дагы ал гүлдөрдөй болуп бажырайып ачылып, кичинекей мамлекетти чоңойттук эле. Ошондо жалгыз калып соолуган гүлгө окшош болуп каларымды ким билсин? «Силердин да бир убакта соолуп калганыңарды көргүм келбейт» деп өзүмө бугумду чыгарып алам. Балдарым дагы «апа, сиздин гүлдөрүңүз гүл ачып калыптыр, караңызчы» деп сүйүнүп калышат. Алардын сүйүнгөнүн көрүп мен да кубанып калам. Ар биринин өзүнчө жыты бар. Баары адамды өзүнө тартып турат. Гүлдөрүмдү атайлап сатпайм. Сурап келгендерге белек катары берем. Билгизбей уурдап алып кеткендер убакыт өткөндөн кийин «Сиз билбей калгансыз, мен уурдап барып отургуздум эле. Сонун болуп гүл ачты» деп күлдүрүп калышат.

2018-жылы жаз майрамына карата «Эне даңкы» наамын алгам. Учурда 3 жээн неберем бар. Балдарым менин бактым. Атасынын калган өмүрүн балдарыма берсин деп отурам», - деди Гүлүмкан айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×