Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 29.08.2019 09:31 На русском

Кыргызстандык алптар: 60 жаштагы Б.Сүеркулов айылындагы эң узун бойлуу адам (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 60 жаштагы тургуну Бообек Сүеркулов айылында бою эң узун адам. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, апасы узун бойлуу аял болгон.

«Менин боюма таң калып караган адамдар көп. Узундугу 1 метр 98 см. Апамдын бою да узун болгон. Өзүм боюмду өстүрүүчү каражаттарды колдонгон эмесмин. Өзү эле өсүп кетти (күлүп). Мурда курулушта иштегем. Усталар бою жетпеген жерлерге эшек деп аталган жыгачты коюп алып иштечү. Мен анысы жок эле иштей берчүмүн. Союз учурунда 12 жыл тамекиде иштегем. Ошол учурда мага «волейбол боюнча командага кошул» деп чакыруулар көп болгон. Бирок волейболго көп кызыкчу эмесмин.

Жаш кезде боюмдун узунун көргөндөр көп тийишчү эмес. Боюм көп учурда ызы-чуудан сактап калчу. Боюма азыр дагы таң калып суроо бергендер көп. Жубайым Айжамалдын, балдарыбыздын дагы бою узун», - деди ал.

Бообек Сүеркулов 4 кыз, 1 уулдун атасы. Элетте дыйканчылык менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

07.05.2019Кыргызстандык алптар: 19 жаштагы Нурболот Калыбеков көп учурда унааларга түшпөй жөө жүрөт (сүрөт)
15.05.2019Кыргызстандык алптар: М.Аманкулов айылда кайсы үйгө барбасын эшиктен эңкейип кирет (сүрөт)
17.06.2019Кыргызстандык алптар: М.Кулбортоев жаш кезинде «Жираф» дегендерди сабап койчу (сүрөт)
06.08.2019Кыргызстандык алптар: 18 жаштагы Э.Шекербаевден боюн кандай дары ичип өстүргөндүгүн көп сурашат (сүрөт)
29.08.2019Кыргызстандык алптар: 60 жаштагы Б.Сүеркулов айылындагы эң узун бойлуу адам (сүрөт)
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×