Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Талас облусуКара-Буура району 29.08.2019 13:50

Айыл турмушу: Кара-бууралык З.Жумабаев бир туугандары менен 5 гектар жерде алма бак өстүрүп келет (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 43 жаштагы тургуну Замирбек Жумабаев 5 гектар жерде алма бак өстүрүп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, атасынан калган алма бактын аянтын көбөйтүп жатат.

«Учурда чарбанын 3 багыты боюнча иштейм. Элде «иштесең тиштейсиң» деген кеп бар эмеспи. Атамдан калган бакты карап жатам. 5 гектар жерде алма багыбыз бар. Дагы 3 гектар жерге алма тиктим. 20 жылдан бери мал чарбачылык, техника менен алекмин.

Алма бакка алманын 3 сортун алып тиккенбиз. Былтыр бир аз түшүм берип баштады. Быйыл жакшы болгон жок. Келе жаткан жылы жакшы түшүм берет деген ойдобуз. Эң биринчи 5 тонна түшүм терип, 125 миң сом киреше болду. Негизи алманы түшүм бергенде карап баштайт экенсиң (күлүп). Азыр жакшылап дарылап жатабыз. Быйыл дагы 5 гектарга алма тигебиз деген пландарыбыз бар. Жалаң алма менен иштейбиз деп жатам. Бакты бир туугандарым менен чогуу карайбыз.

Андан тышкары айыл чарба техникалары менен иштейм. Муну жаш кезде атамдан үйрөнгөм. Өзүбүздүн жер көп болгондуктан техникаларды көбүнчө өзүбүзгө колдонобуз. Дыйканчылык менен дагы алектенебиз. Бизде үлүш жер, ижарага алган жер көп.

Жаш кезимден бери көк бөрү ойнойм. Менде таза кандуу, дон породасындагы жылкылар бар. Ийгилик жараткандары көп болгон. Андан тышкары 200дөй кыргыз койлорум бар. Булардын ар бирин 5-10 миң сомго чейин баалап сатабыз. 8 баш саан уй бар. Алардан дагы киреше түшүп турат», - деди ал.

Багбан үй-бүлөдө 2 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×