Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 13.09.2019 09:26

Эл ичи — өнөр кенчи: Р.Жунусова айылдагы тойлордо ырдап, жакшылыктарда кызмат кылууда (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 40 жаштагы тургуну Раиса Жунусова маданият үйүндө жетекчи болуп иштеп, тойлордо ырдап дагы киреше табууда. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Талант Туратбеков экөө 1998-жылы баш кошкон. Кесиби боюнча музыка мугалими.

«Бишкекте музыкалык колледжди бүткөм. Андан кийин Шекер айылында мектепте 3 жыл мугалим болуп эмгектендим. Андан кийин бала бакчага жумушка кирип, 8 жыл тарбиячы болуп иштедим. Кудайдын сыноосу экен, жолдошум ооруп калганына байланыштуу бала бакчадан чыгып, үйдө балдарга баш-көз болуп отуруп калдым.

Комуздан ийрим ачып, балдарга комуз черткенди дагы үйрөтөм. Комуз черткенди 5-6-классымда комуз ийримине катышып үйрөнүп алгам. Азыркы учурда 12-13 окуучуга комуз черткенди үйрөтүп жатам. Буйруса жакшы үйрөнүп калышты. 1,5 жылдан бери «Жар-жар» ырдап баштадым. Шекерде ар кандай иш-чаралар болгондо ырдап калчумун. «Жар-жар» ырдап калышыма өзүмдүн абысыным түрткү болду. Анын баласы үйлөнгөндө ырдагам. Ошондон бери тойлорго буйрутмалар келе баштады. «Жар-жарды» 2000 сомго ырдайм», - деди ал.

Ырчы айым 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×