Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 13.09.2019 09:53 На русском

Айыл турмушу: Кара-бууралык З.Жолумбетов баккан жылкылар 2000 доллардан өйдө сатылат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Аманбаев айылынын 31 жаштагы тургуну Замирбек Жолумбетовдун жылкыларын 2000 доллардан өйдө сатып алышат. Аймактык кабарчы саяпкер менен таанышты.

Анын айтымында, 7 жылдан бери саяпкерлик менен алектенет.

«Өзүм күрөш боюнча машыктыруучу болчумун. Азыр жылкыларга машыктыруучумун (күлүп). Кичинекейимден жылкы баласына жакынмын. Учурда таза кандуу 10 жылкы таптап жатам. Ар бир адам ар кандай таптап, ар башкача жол менен мамиле жасайт. Башында Ысык-Көлдөгү №54 жылкы заводдон бээлерди алып келгем. Аларга башка аттарды аргындаштырып, Кыргызстандын жолуна, тоо-ташыбызга чыдамдуу жылкылар алынды. Көкөш деген ат жарыштарга түшүп, эң жакшы жыйынтыктар менен жүрөт. Акыркы чапканым Россиядан келген Бункер деген жорго болду. Таласта жоргого көптөр кызыкпайт. Анан калса байге дагы болбойт. Мен Чүйгө алып барып чаап жүрдүм. 2 жолу 1-орунга ээ болду. Бладо деген бээ бар. Кунан кезинде 2 унаа уткан. Андан башка Чүйдө Трон деген мыкты айгырдын кулунун сатып келгем. Азыр 1,5 жаш болуп калды. Буйруса 2 жашында байгеге чабабыз деп турам. Ысык-көлдүк айгырдын баласы бар, 2 асый болду. Ал дагы жарышка дайындалып жатат.

Мен башында жөнөкөй жылкы баласын бакчумун. Байкасам жөнөкөйгө деле, таза кандууга деле ошол эле жем-тоютту берет экенбиз. Анан жоргого кызуугум күч болгондуктан ушул тарапка өттүм. Жоргого басым көбүрөөк жасайм. Таласта деле жорго багууга кызыккандар көбөйөт деген үмүтүм бар. Айылдаштарга 2 жорго алып келгенбиз. Алар тууп, көбөйүп жатат. Жылкы сүйүүчүлөр жылкыларымдан сатып алышат. Кеминде 2000 доллардан өйдө бааланат.

Ат чапчу балдардан бир аз аксайм. Себеби өспүрүмдөрдүн кызыгуусу аз. Көпчүлүк убактыларын телефон менен өткөрөт. Кулундарын жетелеп, чоңдорун минип, баарын өзүм карайм. Жакшы жылкыларды көбөйтө берсем айылдаштар кызыгып, таза кандуу жылкылар көбөйсө дейм. Менде эмне үчүн илгерки жакшы аттар азыр жок деген суроо көп болот. Чоң аталарыбыз «базардан сатып алып эле байгеге, улакка чаба берчүбүз» дешчү. Жылкы баласы дагы Куранда 5 жерде эскерилет. Тамандары тарсылдап чок чыгарган деген аяттар бар. «Аттын маңдайына урбагыла» деп дагы айтып келишет. Себеби төбө чачында береке бар. Биздин муфтий «эмненин заманы болбосун Аллах акыретке чейин аттын маңдайына береке жазып койгон. Андыктан аны жакшы кароо керек» деген», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле тайгандарды да багып келет.

«Кыргыз тайгандар дагы азайып бара жатат. Коңшу Казакстанга көптөгөн мыкты тайгандар чыгып кеткен. Ошолорду кайтаруу керек. Бул бөлүнүү эмес, өзүбүздөгү мурасты сактап калуу. Балдарыбызга өткөрүп беришибиз керек. Тайгандардын акылдуулугу, тазалыгы башкача. Учурда 2 тайганым бар», - деди ал.

Саяпкер 2 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×