Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 13.09.2019 14:00 На русском

«Ушунча балага кантип чыдайсың?»: Забида айым балдарынын туулган жылдарын унутуп калат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Аманбаев айылынын 40 жаштагы тургуну Забида Сатымкулова 7 баланын апасы. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Саматбек Кудабаев экөө 1995-жылы баш кошкон.

«Жолдошум Саматбек 5 бир туугандын кичүүсү. Экөөбүз 1995-жылы баш кошконбуз. Мен темир жол коштоочусу (проводник) болом деп Жамбылда 1 жыл окудум. Поездде жүргөн жакчу. Бирок турмуш куруп, темир жол тармагында иштебей калдым.

Бала — бакыт. Анын бакытын көрүү насибинен жана ата-энелик тарбиядан деп ойлойм. Аны менен бирге балдардын кылык-жоруктары дагы эсте калат экен. Кичүү баламды дарыгерге алып барып калдым. Алдын ала карточкасын таап алалы деп жылын эстей албайм. Коңшу келиндин бир баласы менин кичүү балам менен бир жылда төрөлгөн эле. Ага телефон чалып, жылын сурадым. Ал келин ушул күнгө чейин «балаңдын жылын билбейсиң» деп күлөт. «Мендей болуп жетини төрөсөң унутуп калмаксың. Менин ордумду басып көрсөң экен» дейм. Кээде ушинтип адашып калам (күлүп).

Улуу кызыбызга шерик болсун деп төрөп, кудайдын берген уулдарын тарбиялап келем. Өзүм 5 кыз, 3 уулдун экинчисимин. Өзүм көп балалуу үй-бүлөдө чоңойсом дагы көп балалуу болом деп ойлогон эмесмин. Аз эле болсо дечүмүн, баары буйрук. «Ушунча балага кантип чыдайсың?» дегендер болот. Балдарымдын асты чоңоюп, кийинкилерине баш-көз болуп, мага оорчулугу байкалбайт. Кээ бир келиндер «Биздин кыздар чачташа кетишет. Силердин мынча балаңар тебишип ойноп, жүдөтөт болуш керек» дешет. Улуулары студент болуп калганга көп балалуудай сезилбейт. Улуулары кандай болсо кийинкилери дагы ошого ыктап тарбиялана берет. Үйгө келгендердин баары «көп балалуу үйгө келгендей болгон жокпуз» деп калышат. Чындыгында, балдар тынч жүрүшөт.

Буйруса балдарым жакшы инсан болот деп ишенем. Таланттары бар. Үчүнчү балам сөзмөр жана тамашакөй. Ал кичинекейинде тумоолоп, ооруканага жатып калган. Ошондо балама кан керек болуп, донор катарында бир немис кишинин каны куюлган. Кийин аны өзүнө айтканбыз. Азыр бир туугандарына «мен немисмин» деп куудулданып калат.

«Баатыр эне» сыйлыгын 2017-жылы алдым. Сыйлык алуу үчүн күн мурун чакырылгам. Бирок эртеси уялып, араң баргам. Себеби «Баатыр эне» наамын көбүнчө улуу курактагы апалар алышат эмеспи (күлүп). Бир жездебиз ардагерлердин баатыры. Дагы бир абысыным дагы «Баатыр эне» сыйлыгын алган. Жездебиз «бизде 3 баатыр бар, эч ким биздей боло албайт» деп тамашалап калат», - деди ал.

Жолдошу Саматбек Кудабаев балдарынын мүнөзү ар кандай экендигин кошумчалады.

«Жүк ташыган унаа айдап иштегем. Азыркы кезде айылда механизатормун. Менин жардамчы балдарым көп (күлүп). Жетөөнүн мүнөзү ар кандай. Мүнөзүнө жараша мамиле кылабыз. Мектептен жакшы окушат. Ушулар үчүн деп мээнеттенип келебиз», - деди ал.

Жубайлардын балдары:

- Саматбек кызы Медина 1996-жылы төрөлгөн;

- Алкышбаев Мээржан 1998-жылы төрөлгөн;

- Алкышбаев Марлен 1999-жылы төрөлгөн;

- Алкышбаев Малик 2003-жылы төрөлгөн;

- Алкышбаев Мээрбек 2006-жылы төрөлгөн;

- Алкышбаев Талантбек 2009-жылы төрөлгөн;

- Алкышбаев Дастан 2011-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

28.06.2019«Эми кыз төрөсөңүз албайм дагы, бакпайм дагы»: 7 кыздын апасы К.Алымбаева сегизинчи наристесин күтүп жатат. Сүрөт
20.06.2019Эркек төрөптүр деп таарынган кыз: 8 баланын апасы А.Эркалиева жолдошу экөөлөп үй куруп жатат. Сүрөт
20.05.20199 бала, 1 бөлмө үй, туугандардын балдарын да багуу: А.Камбарбекова коомдук унаага түшкөндө балдарын көргөндөр таң калышат. Сүрөт
11.06.2019«Ата, апамды эркек төрөтүп келиңизчи»: Трактористтин 44 жаштагы жубайы Зулфия айым 9 кыз, 2 уулдун апасы. Сүрөт
24.08.2019«Өзүм дагы жалгыз баламын, эркек төрөсөң экен»: 40 жаштагы Замира айым 7 кыздын апасы. Сүрөт
09.09.2019«40 кыз болсо дагы баары меники»: Тарбиячы Чолпон айымдын кыздары жана энелик бакыты. Сүрөт
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×