Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 13.09.2019 17:48

Балдарымды окутам деп жатам: Элетте миллионер болгон К.Иманкулов (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 42 жаштагы тургуну Канат Иманкулов мал чарбачылыкты өнүктүрүп, учурда жылына 2 млн сом киреше табууда. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, мал багуунун түйшүгү оор.

«Эң биринчи бул ишти туугандар менен баштагам. Башында элдин малын багып, жер менен дагы иштечүбүз. Кийинчерээк өзүм иштеп баштадым. Башында мал чарбаны 20 торпок менен түптөгөм. 1 жыл өткөндөн кийин 50дөй козу сатып алдым. Азыркы учурда 500 баш кой, 100гө жакын торпок бар. Гиссар тукумундагы койлорду багам. Букалар болсо кыргыз букалар. Аларды 1,5 жылдык кылып багып сатабыз. Малды жаңы багып жатканда жер иштеткенге техникалар жоктугунан кыйынчылыктар көп болчу. Азыр акча болсо техниканы дагы сатып алса болот. Мал караганга оңой шарттар түзүлдү.

Мал чарбачылык менен алектенген да бир топ кыйын. Кээ бир жылдары чыгашасы да көп болуп калат. Бир жылы ылаң каптайт. Кээде козулар суукта туулгандыктан өлүп калат. Ошол үчүн мал караганга атайын үй-бүлө жалдап, тоодо бактырабыз. Аларга азык-түлүктөн тышкары айына 15 миң сом төлөп берип турабыз. Чүйдөн балдар келип, 2-3 айлык козуларды алып кетет. Козуларды 6000 сомдон баалап алышат. Койлор 10-15 миң сомго бааланат. Бодо малды 30 миң сомдон сатып алсак, кайра 70 миң сомдон сатабыз. Жылдык кирешем чөп-жеминен тышкары 2 млн сом болот. Чыгашасы 500 миң сомго жетет.

Алдыда малды дагы көбөйтүп, буйруса балдарымды окутам деп жатам», - деди ал.

Фермер үй-бүлөдө 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×