Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 13.09.2019 23:21

Айыл турмушу: Пенсиядагы дарыгер Ж.Ирисалиева айылда дыйканчылык кылууда (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Аманбаев айылынын 57 жаштагы тургуну Жайнагүл Ирисалиева жаштыгын дарыгерликке арнаган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Бууранын Шекер айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча медайым.

«Мен Шекер айылындагы малчылардын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Мектепти жакшы окуп бүтүп, медициналык окуу жайды 1983-жылы аяктадым. Өзүм милиция кызматкери болсом деп кыялданчумун. Себеби жаштайымдан туура эмес иштерди териштирген жакчу. Азыр медайым болуп, көптөгөн бейтаптарга жардам көрсөткөнүм үчүн сыймыктанам.

Турмушка чыгып, 10 жыл балалуу боло албай, терапия, хирургия бөлүмдөрүндө тынымсыз иштедим. Союз убагында бейтаптар көп болуп, оорукананын бөлмөлөрү толуп калчу. 34 жыл аралыгындагы ишимде далай окуяларды көрдүм. Ал кезде айылда мотоциклдер көп колдонулчу.

Коңшу айылдан жапжаш бала кырсыкка учурап келди. Катуу ылдамдыкта бара жатканда астынан чуркап чыга калган иттен буйтап кетем деп жолдон чыгып, талды сүзүптүр. Көзү сыртка чыгып кетиптир. Өтө оор абалда болчу. Бизден жардам көрсөтүлүп, андан соң районго барып дарыланып аман калган.

Негизи доктурлардын жумушу оор. Бейтаптар сакайып чыгып кетишсе биз дагы кубанып калабыз. Азыр дагы жаштарга биринчи жардам көрсөтүү тууралуу айтып калам. Себеби айыл жери болгондуктан адамдарды ит тиштеп, жылан чагып, ушуга окшогон маселелер болуп калат. Ооруканага барганча кантип сактанууну билип алган жакшы.

Бир күнү бир келин жаңы төрөлгөн баласын алып келиптир. Баласы катуу ооруп калыптыр. Апасы «балам өлгөнү жатат, сактап калгыла» деп ыйлап жетип келген. Түндө дарыгерди чакырттык. Ал келгенче биринчи жардам көрсөтүп, дене табын түшүрдүм. Дарыгер келгенде экөөлөп балага бардык жардамды көрсөтүп, аман алып калганбыз. Мындай учурлар көп болот. Бирок эненин балам деп ыйлаган көз жашы эч кимде болбосо экен деп тиленем.

Алгачкы жылдардагы күйүп келген балдар эсимден кетпейт. Ал кезде баарыбыз от жагып тиричилик кылчубуз. Кемегеге от жагып, нан бышырчу элек. Анын жанында солярка, ширеңке турчу. Азыр андай эмес, баары баскыч болуп калды.

Бир үй-бүлөнүн 2 кичинекей баласы апасы жумушка алаксып кеткенде солярканы кийимдерине чачып, кемегеге ширеңке чагып жиберишиптир. От жалындап, балдардын синтетика кийимдерин каптап, бат эле жалбырттап күйүп кетиптир. Ооруканага келгенде биринчи мен кабыл алып бөлмөгө киргиздим. Балдардын абалын сөз менен айтып жеткирүүгө болбойт эле. Күйүк 4-даражада болуп, тиштери, тилдерине чейин капкара болуп калыптыр. Бирөөсүн аман алып калганбыз. Кийин жаш балдарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турду.

Пенсияга чыкканыма 2 жыл болду. Пенсияга чыктым деп отурбайм. Мээнеттенип багбанчылык, дыйканчылык кылам. Алма, алмурут карайм. Чарбадан жакшы түшүм алам. Мисалы, 1 түп таттуу калемпирден 3-4 даана калемпир алынса, мен 12-13 баш алам. Анткени жерге малдын кыгын убагы менен чачып турам», - деди ал.

Медайым 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×