Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 16.09.2019 09:15

Айыл турмушу: Г.Муханбетова 30 жылдан бери буйрутма алып, кийимдерди токуп сатууда (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун 62 жаштагы тургуну Гүлмайрам Муханбетова буйрутмалар менен кийимдерди токуйт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Таластын Бакыян айылынын кызы.

«Турмушка чыкканга чейин бир тууган эжелерим сайма сайганды үйрөтүшкөн. Далай эмгектерди жараттым. Бирок алар азыр колдонулбай калгандыктан сайма саюудан токууга өтүп, 30 жылдан ашык убакыттан бери кийимдерди токуп киреше таап келем. Үйдө бош болгондуктан күн-түн дебей каалаган убакта отуруп токуйм. Буйрутмадан тышкары бала-чакама өзүм токуп берген кийимдерди кийгизем. Каалагандай калыңдыкта, каалагандай өңдө токуп бере алам. Өзүң токуган жакшы. Керек болсо базарда жок фасондогу кийимдерди токуп алсак болот. Эмгектериме көптөр кызыгышат. Колдун эмгеги бекем жана чыдамкай болот эмеспи. Баш кийимден баштап байпакка чейин баарын токуйм. Кызыгып токугандыктан оорчулугу сезилбейт. Бизге ылайыктуу иш десем болот. Зыяны бар телефонду караганча кийим токуп, пайдалуу иш кылган жакшы.

Өзүм бала бакчада тарбиячы болуп иштедим. Абышкам мугалим болчу. Иштеп жүргөндө дагы колумдан ийнелерим түшчү эмес. Айымдардын жана жаш балдардын кийим-кечесин токутуу үчүн Таластан бери буйрутма келет. Бир жылы медициналык окуу жайдагы студенттерге жана мугалимдерге 100дөн ашык баш кийимди түрлөп токуп бергем. Бир беретканы кооздугуна жараша 500 сомго токуп берем. Аны 1 күндө бүтөм. Узун ийне, илмек ийне менен ар кандай сүрөттөрдү түшүрүп токуйм. Бир жылы Казакстанда жүрүп келдим. Мага ал жакта колдун эмгеги бааланганы жакты. Бизде жылуу кийимдерди күн суук болуп калганда сатып алабыз. Аларда бардык сезондо колдон чыккан кийимдерди кымбат болсо дагы сатып алышат экен», - деди ал.

Чебер айым 5 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×