Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 23.09.2019 16:19

Кара-Буурада милициянын участкалык пункту ачылды

Turmush -  Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында милициянын участкалык пункту ачылды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

Анын ачылышына Талас ОИИБдин башчысы Алмазбек Жумабеков, Кара-Буура районунун акими Баратбек Сыдыкназаров жана Кара-Буура РИИБдин өздүк курамы катышты.

Буга чейин айылдагы кылмыштардын алдын алуу үчүн милициянын участкалык пунктун ачуу боюнча демилге көтөрүлгөн. Аталган айылдын тургуну Каныбек Айтманбетов өзүнүн жер тилкесинен 4 сотых бөлүп берип, пунктту куруу иштери башталган. Иш-чаранын жүрүшүндө ага ардак грамота тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×