Turmush — «Өзгөчө ысым» рубрикасынын бүгүнкү каарманы — Талас облусунун Айтматов районунун Бакайыр айылынын 23 жаштагы тургуну Нурмахан Турсумбеков азыркы учурда Россияда эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
Нурмахан Турсумбеков 2001-жылы туулган. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.
«Досторум мени Нур деп аташат. Атымды чоң атам Казакстандын мэринин атынан коюптур. Ал убакта Тараздын Нурмахан аттуу мэри кыйын болчу экен. Атымды ар ким ар кандай айтат, ошол үчүн Нур деп айтканды жактырам. Көп адамдардын тили келбейт. Россияда атыма байланыштуу кызыктуу учурлар көп. Өзгөчө документ тапшырганда, офистерде, аэропорттордо атыма тили келбей ар кандай айта беришет, кээ бирөө таң калышат», - дейт ал.
Ал азыркы учурда Москва шаарында эмгектенет.
«Кыргызстан эл аралык университинин бүтүрүүчүсүмүн. Окуумудун арты менен көп мамлекеттерге ар кандай программалар менен чыгып келгем. Учурда Европага магистратурага тапшырыш үчүн акча чогултуп жатам.
Ресторанда СММ маркетинг тармагында иштейм. Бул жакта кыргыздардын көптүгүнөн Москваны чет мамлекеттей көрбөйм. Тааныштарым да аябай көп. Мен иштеген жерде урушсак дагы баары бир туугандай болуп калганбыз, баары сонун адамдар. Орусча деле көп сүйлөбөйбүз.
Орустардын мага кылган мамилеси абдан жакшы. Москвада сенин кийингениңе жана өзүңдү коомдук жайларда алып жүргөнүңө карап мамиле жасашат. Мигранттардын көпчүлүгү "бизге жаман мамиле кылат" деп жамандашат. Бирок мен ошол нерсени байкаган жокмун. Ал эми документ жагы чындап эле кыйын. Легалдуу иштеп жана документтерине так болсоң, бул жакта сага эч ким тийишпейт.
Эң эле өкүнүчтүүсү бул жерде алдамчылар аябай көп. Бирок көнүп деле калдым. Алдандым, кыйналдым, жада калса көчөдө калган күндөрүм болду. Ошентсе да кыйынчылакка моюн сунбай ойлогон ой максатыма жетем деген максатта эмгектенип жатам. Бул жакка келээрде регистрация жасап берем дегендерге ишенбөөгө жана өз документтерине так болуп, такталган туура маалымат алуусуна кеңеш берет элем», - дейт Нурмахан Турсумбеков.
Бош убактысында видео тартат жана монтаж менен алектенет.
«Блогер болуу хоббим болгондуктан бул нерсени таштабайм. Буюрса ойлогон бюджеттимди топтогондон кийин каалаган окуу жайыма тапшырып, өз кесибим менен иштегим келет. Кесибим дипломат тилчи болгондуктан чет тилдерине да кызыгам.
"Жогорку окуу жайда окуп, чет жерлерде көп жүрүп, анан эмнеге Москвага келдиң?" дегендерге жообум: келечектеги пландарды аткаруу үчүн акчанын маанилүү экенин жана жумуштун жаманы жок экенин айткым келет. Ар бир кесип ардактуу», - деди ал.