Turmush — Ош шаардык мэриясынын А.Навои көчөсүндө жайгашкан эски автобекеттин 1 гектар жер тилкеси боюнча сатуу-сатып алуу келишимдерин жараксыз деп табуу боюнча доо арызын Ош шаардык соту кароосуз калтырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
А.Навои көчөсүндөгү №33 даректе жайгашкан эски автобекеттин жериндеги эки кабаттуу имаратты демонтаждоо иштери башталып, Жеңишбек Токторбаев кызматтан кеткенден кийин токтоп калган.
Мэриянын маалыматына караганда, 1 гектар жер тилкеси боюнча түзүлгөн сатуу-сатып алуу келишимдерин жараксыз деп табуу максатында сотко доо арыз берилген. Бирок Ош шаардык сотунун 2026-жылдын 13-мартындагы аныктамасы менен арызга тиркелген документтер кайтарылып, иш кароосуз калтырылган.
Ошол эле учурда соттун аныктамасында доо арыз менен кайра кайрылууга мүмкүнчүлүк бар экени көрсөтүлгөн. Мэрия бул чечимге макул болбой, Ош облустук административдик сотуна апелляциялык даттануу менен кайрылган. Учурда даттануу карала элек.
«Ош шаардык мэриясы тарабынан А.Навои көчөсүндө жайгашкан мурдагы эски автовокзалдын 1 гектар жер тилкеси боюнча сатуу-сатып алуу келишимдерин жараксыз деп табуу боюнча доо арыз берилген. Бирок шаардык соттун аныктамасы менен иш кароосуз калтырылган. Биз бул чечимге макул болбой, апелляциялык даттануу киргиздик. Азырынча ал карала элек», - деп билдиришти мэриядан.
Буга чейин аталган аймактагы бир катар объекттер — А.Навои көчөсүндөгү №50а даректе жайгашкан «Кристалл» мейманканасы, «Бексултан» жана «Шоколад» базарлары, ошондой эле №19 даректеги имарат буздурулганы маалымдалган.
Маалым болгондой, буздурулган курулуштар Ак-Буура дарыясынын 50 метрлик корук аймагына кирген. Бошотулган аймакта коомдук парк уюштурулуп, бак-дарактар отургузулуп, шаар тургундары үчүн эс алуу шарттары түзүлмөкчү.