Turmush — Ош облустук сотунун төрагасы Эрлан Асанов 310 миң сом маяна алат. Ал бул жөнүндө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып өзү билдирди.
Анын айтымында, мындай маянаны акыркы өзгөрүүлөрдөн кийин ала баштаган. Көпчүлүк соттор да ушул деңгээлдеги маяна алышат. Айрым райондордо болсо көрсөткүчтөр иш тажрыйбасына, тоолуу аймак шарттарына жана башка кошумча факторлорго жараша айырмаланышы мүмкүн.