Turmush — Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагында узундугу 3,2 чакырым болгон Миң-Өрүк—Самаркандек жолунун курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу облус жетекчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул иштер 2025-жылдын август айында башталган. Долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланууда. Курулуш Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Кыргызавтожол-түштүк» мамлекеттик ишканасы Кытай мамлекетинин «Хэнань линцзо» жол куруучу компаниясы менен бирге ишке ашырылууда. Курулуштун мөөнөтү 3 жыл деп белгиленген.
Жолдун туурасы 10 метр болуп, асфальт төшөлөт. Дарыянын жана жолдун үстүнөн узундугу 266 метр болгон эстакадалык көпүрөнүн курулушу долбоорлонгон. Жол түнкүсүн жарыктандырылат.
Курулуп жаткан жол азыр пайдаланылып жаткан жолго караганда Лейлек тарапка 3 чакырымга, ал эми Самаркандек айылына 17 чакырымга кыскарат. Бүгүнкү күндө зоону жардырып жол куруу, көпүрөнүн таянычтарын куруу иштери жүрүп жатат.
Жолдун курулушу үчүн бир бетон даярдоочу завод жана бир таш майдалоочу жабдык курулуп иштеп жатат.
Буга чейин 2025-жылдын март айында президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койгон. Мыйзам 2025-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бул макулдашуу эки мамлекеттин жарандарынын тоскоолдуксуз жүрүүсүн, транспорт каражаттарынын өтүүсүн жана жүктөрүн ташууну камсыз кылууга багытталган. Макулдашуунун алкагында эки автомобиль жолун долбоорлоо жана куруу каралган, алар макулдашуу күчүнө кирген учурдан тартып бейтарап макамына (статуска) ээ болот:
– Дача–Капчыгай (Хожаи Аъло–Ворух) Капчыгай калктуу конушунун чыгыш тарабын айланып өтөт;
– Миң-Өрүк–Самаркандек (Ориено–Шуристон) Сурх калктуу конушунун түндүк тарабын айланып өтөт.
Дача–Капчыгай (Хожаи Аъло–Ворух) автомобиль жолун Тажикстан Республикасы колдонот, Миң-Өрүк–Самаркандек (Ориено–Шуристон) унаа жолу Кыргыз Республикасы тарабынан пайдаланылат.
Ошол эле учурда макулдашуу менен Ош–Раззаков жана Исфара–Ворух автомобиль жолдорунун кесилишин биргелешип ыңгайлаштыруу жана пайдалануу каралат, ал дагы бейтарап макамга ээ болот жана бирдей укукта пайдалануусу каралат.